Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Москвада активист атылды


Эки куралчан машинасын аткылаганда Константин Воеводкин аялы экөө жараат алды. Укук коргоочу адвокаттардын Орусиялык биримдигинин маалымат катчысы Юлия Гусейнованын "Азаттыктын" орус кызматына билдиришинче, Воеводкин машинанын айнеги чачырап кеткенде жарадар болду. Аялы Татяна Лукминскаянын колуна тийген ок алынып, оң колуна операция жасалды. Экөөнүн балдары да машинада отурган, бирок алар жапа тарткан жок. Воеводкин - коммуналдык төлөмдөрдү арзандатуу үчүн күрөшкөн москвалык активисттердин тобуна мүчө.

XS
SM
MD
LG