Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:53

Санпа окуясы боюнча доо арыздарды кароо уланууда


Бүгүн Жалал-Абад облустук көчмө соту Ноокен районунда Санпа окуясы боюнча апелляциялык арыздарды кароону улантып жатат. Кечээ айыпталып жаткандардын калгандары жана жабырлануучулар суралган.

Сузак райондук соту былтыр ноябрь айында айыпталган 19 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен алардын 17син өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки адамдын ар бирин 25 жылга түрмөгө кесүү тууралуу өкүм чыгарган.

Соттолуучулар жана алардын адвокаттары өкүм өтө эле катаал болуп калды деп, ал эми жабырлануучу тарап, тескерисинче, өкүм жеңил болгонун айтып, облустук сотко апелляциялык арыз жолдошкон. 12-13-июнь күндөрү Бишкек-Ош жолунун боюндагы Санпа пахта иштетүүчү заводунун жанында миңге жакын эл чогулуп, жолдон өткөн жолоочуларга кол салышкан. Натыйжада 16 киши өлүп, экөө дайынсыз жоголгон.(EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG