Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Кыргызстан Транзиттик борборду жер-жемиш менен камсыз кылат


Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов АКШнын коргоо министрлигинин өкүлү, генерал-майор Жеймс Чемберс менен жолукту. Анда Ө. Бабанов АКШнын Кыргызстандагы “Манас” жүк ташуучу борборун жергиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылып туруу маселесин козгоду. Ошондой эле кийим-кече сыяктуу жергиликтүү тикмечилердин буюмдарын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Пентагондун өкүлү өз кезегинде АКШ өкмөтү жергиликтүү базарлардын сатып ала турган азык-түлүктөрдүн тизмесин бекиткенин, аны негизинен жаңы бышкан жер-жемиштер, алкоголсуз суусундуктар түзөрүн айтты. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында бул маселе боюнча жумушчу топ түзүлөрүн маалымдады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG