Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

АУБ Өнүктүрүү корунун 900 млн. сомун алып кеткен


Улуттук банктын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева бүгүн Жогорку Кеңештин Каржы жана бюджет комитетинин жыйынында Азия универсал банкы Социалдык фонддун 1 миллиард 600 миллионго жакын сомун жана Өнүктүрүү фондунун 900 миллион сомун алып кеткенин билдирди. Депутаттар Улуттук банкка бул каражат качан жана кантип чыгырылып кеткени тууралуу толук маалымат берүүнү тапшырды. Б. Жээнбаеванын айтымында, мындай маалыматтар бар жана анын баары иликтөө үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Апрель окуяларынын кийин Улуттук банк Азия универсал банкын текшерип, андагы документтер жана отчеттордун баары жасалма болгонун аныктап чыккан.

Мурунку бийлик кулагандан кийин салык төлөөгө жөндөмсүз деп табылган Азия универсал банк мамлекеттин карамагына өтүп, банкрот деп жарыяланган. Айрым маалыматтар боюнча, бул банк экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге тиешелүү болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG