Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Ынтымак курултайын улантуу демилгеси көтөрүлдү


Бүгүн Ынтымак курултайын өткөрүү боюнча демилгелүү топтун төрагасы Кубанычбек Жакыпбаев “Кабар” агенттигинде маалымат жыйын өткөрүп, Ынтымак курултайын өткөрүүнү улантуу зарыл деп билдирди. Анын пикиринде, курултай азыркы кыйчалыш учурдун талаптарына жооп берет жана калктын бардык катмарынын кызыкчылыгын коргойт.

Ынтымак курултайы алгач 2010-жылдын 23-24-март күндөрү 750гө жакын жер-жерлерден келген делегаттардын жана ошол кездеги президент Курманбек Бакиев баштаган аткаминерлердин катышуусунда өткөн.

Андан мурдарак, 17-мартта ошол кездеги оппозициялык күчтөр Бишкекте Элдик курултайга чогулган. Анда тарифтерди калыбына келтирүү, стратегиялык маанилүү мекемелерди мамлекетке кайтаруу, саясий себеп менен камалгандарды бошотуу, Максим Бакиев башында турган агенттикти жоюу, президенттин туугандарын кызматтан алуу, сөз эркиндигин, анын ичинде “Азаттык” үналгысын өлкө боюнча уктурулушун камсыздоо сыяктуу 7 талап коюлган. Эгер талаптар 24-мартка чейин аткарылбаса элдик бийликти орнотуу максатында жер-жерлерде нааразылык акцияларды баштаарын эскерткен. Оппоизция чечимин ишке ашыруу үчүн азыркы президент Роза Отунбаева башында турган аткаруу уюмун түзгөн болчу. Мурунку бийлик былтыр 7-апрелде кулаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG