Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Парламентте ачык добуш берүү талап кылынып жатат


“Тилектештик” деп аталган жаңы жарандык кыймыл Жогорку Кеңештеги жашыруун добуш берүү ыкмасын жокко чыгарууну талап кылып жатат. Аталган кыймыл бүгүн “АКИ-пресс” маалымат агенттигинде жыйын өткөрдү. Укук коргоочулар, журналисттер, ишкерлер жана эксперттерден турган бул кыймылдын мүчөлөрүнүн пикиринде, кыргыз коомчулугун трагедиясы саясатчылардын жоопкерсиздигине барып такалат жана жашыруун добуш берүү менен парламенттеги коррупциялык чечимдер калкаланып жатат. Ошондуктан алар Жогорку Кеңеште ак жана кара чүкөлөрдүн жардамы менен добуш берүү ыкмасын киргизүүнү сунуштап жатышат. Маалыматка караганда “Тилектештик” жарандык кыймылы Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу түзүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG