Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 01:42

Израилде Босниядагы кыргындын катышуучусу кармалды


Израилде теги босниялык мурдакы серб жоокери Александр Чветкович кармалды. Аны жөөт полициясы Босниянын талабы боюнча камакка алды. Чветкович 1995-жылы июлда Сребреница чөлкөмүндө босниялык мусулмандарды кырууда ашкере дилгирлик кылган деп шектелүүдө. Босниялык сербдердин аскерлери кыргында 8 миңдей мусулманды жок кылган. Аялы жөөт Чветкович 1996-жылы үй-бүлөсү менен Израилге көчүп келип, жарандык алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG