Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Россия Палестинаны мамлекет деп тааныганын кайра тастыктады


Россия Палестинаны күнкорсуз мамлекет деп 1988-жылы тааныган жана бул көз карашын өзгөртпөйт. Мындай билдирүүнү президент Дмитрий Медведев бүгүн Иерихон шаарында Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен болгон кездешүүдөн кийинки пресс-конференцияда билдирди.
Медведев Батыш Иорданга палестин жетекчилиги менен Израил-Палестин тынчтык жараянынын жүрүшүн талкуулаганы келген. Россия Жакынкы Чыгыш тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча төртилтиктин мүчөсү. Төртилтикке БУУ, АКШ жана Евробиримдик мүчө. Тынчтык сүйлөшүүлөрү былтыр Израил өкмөтү Батыш Иордандагы басып алынган жерлерде жөөттөр үчүн турак-жай курууну токтотуудан баш тарткандан кийин токтоп калган. Медведев бүгүн эле Иорданияга сапар алат.

XS
SM
MD
LG