Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Тунис өкмөтү ыдырай баштады


Тунистин эң ири кесиптик кошууну билдиргендей, бул кошуундан келген үч министр президент качкандан кийин түзүлгөн улуттук биримдик коалициясынан чыгып кетишти. Кошуундун өкүлүнө ылайык, мындай чечим кулатылган президент Зине эл-Абидине Бен Алинин администрациясына кирген адамдар жаңы өкмөттө кызматтарын сактап калгандыктан улам кабыл алынды. Бен Али элдик толкундоолордон улам бийликтен баш тарткан. Бирок анын партиясы өкмөттө маанилүү кызматтарды – тышкы иштер, ички иштер, коргонуу жана финансы министрликтерин сактап калган. Тунистин полициясы кечээ баш калаа Тунисте Бен Алинин шериктеринин жаңы өкмөттө кала беришине нааразы болгон демонстрацияны көздөн жаш чыгарган газ менен кууп таркатты.

XS
SM
MD
LG