Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Дыйкандар айдап-себүү иштерине жеңилдетилген насыя алат


Бүгүн өкмөттүн жыйынында дыйкандарга быйылкы айдап-себүү иштерине насыяларды 9 пайыздык үстөгү менен берүү тууралуу токтом кабыл алынды. Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун маалымдашынча, бул үчүн өкмөттөн 1 миллиард сом бөлүндү. Буга байланыштуу өлкөдөгү айрым коммерциялык банктар менен келишим түзүлүп, ар кандай тобокелчиликтердин жана жаратылыш кырсыктардын жол-жоболору эсептелип чыкты. Ө. Бабановдун айтымында, жеңилдетилген насыяларды берүү мындан ары да уланат, ал үчүн жалпысынан 9 миллиард сом керек. (EBM)

XS
SM
MD
LG