Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Маяна майдан тарта көбөйөт


Айлык акы аздыгына нааразы болгон мугалимдер өкмөттөн расмий чечим чыкмайынча маяна жогорулашына ишенбестигин айтууда. (Сүрөттө: Жети-Өгүз районундагы мугалимдердин нааразылык акциясы, 2010-жылдын 13-декабры.)
Айлык акы аздыгына нааразы болгон мугалимдер өкмөттөн расмий чечим чыкмайынча маяна жогорулашына ишенбестигин айтууда. (Сүрөттө: Жети-Өгүз районундагы мугалимдердин нааразылык акциясы, 2010-жылдын 13-декабры.)

Өкмөт башчы 1-майдан тарта мугалимдердин, медицина жана маданият тармагындагы кызматкерлердин айлык акысы кыйла көтөрүлөөрүн жарыялады.

Айлыктарды көтөрүү үчүн 10 миллиард сом ички булактардан табылганын премьер-министр Алмазбек Атамабев өкмөттүн 19-январдагы кеңейтилген жыйынында билдирди. Ал ортодо маянаны эселеп жогорулатуу талабы менен чыгып келаткан мугалимдер өкүлдөрү өкмөттүн чечими расмий чыкмайын нааразылык аракеттери улана берерин эскертүүдө.

Жаш мугалимдин айлыгы жети миң сомдон ашат
Жогорку билимдүү жаш мугалим азыр 2810 сом алса, майдан тартып анын айлыгы 7881 сом болот.
Канат Садыков

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев өкмөттүн биринчи кеңейтилген жыйынында мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданий кызматкерлердин маянасы 1-майдан тарта кеминде 2,5-3 эсеге жогорулай турганын билдирди. Жыйында айлык акы төлөөнүн жаңыча шарттарын киргизүү боюнча министрлердин маалыматы угулуп, токтом кабыл алынды.

Билим берүү, илим министри Канат Садыковдун айтымында, маянаны жогорулатуу боюнча иштелип чыккан беш варианттын оптималдуу делген бирөөсү алынып чыкты.

- Эгерде салыштырып көрсөк, май айына чейин ала турган акча төлөмдөрү стажы бир жылга жетпеген, жалпы 20 саат сабак берген, билими жогору жаш мугалим 2810 сом алса, майдан тартып анын айлыгы 7881 сом болот.

Өткөн жылдын соңунда өлкө мугалимдери маянаны жогорулатууну талап кылып, жер-жерлерде нааразылык акцияларды баштаган. Өкмөткө убакыт берип, эгер маяна көтөрүлбөсө жапырт иш таштоо болоорун эскертишкен.

Мугалимдерде дале ишеним жок

Ал ортодо маянаны эселеп жогорулатуу талабы менен чыгып келаткан мугалимдердин өкүлдөрү өкмөттүн чечими расмий чыкмайын нааразылык аракеттери улана берерин эскертүүдө.
Айлыктын жогорулаганы боюнча расмий чечим чыкмайынча бизде ишенич жок болуп атат.
Калил Карабаев

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы бир мектептин мугалими Калил Карабаевди угалы:

- Май айынан деп коюп, андан ары дагы убагы созулуп кетет деп, бизде ишенич жок болуп жатпайбы. Айлыктын жогорулаганы боюнча расмий чечим чыкмайынча бизде ишенич жок болуп атат.

Ушундай эле талаптар менен иш таштап, нааразалык акцияларына чыгып келаткан Ысык- Көл облусунун Тоң районунун мугалимдери митингдерин токтотконун мугалимдердин өкүлү Лилия Сопиева кабарлады. Анын айтымында, кийинки кадамдар 20-январда боло турган мугалимдердин республикалык штабынын жыйынында такталмакчы.

- Биз негизи митингдерди токтоттук. 20-январда жыйын болот экен, ошондо ушул чечимдер айтылат экен. Биз аны айылдагы мектепке айтып, таркатат экенбиз. Эми ошол чечимди угалы деп Бишкекке кетип бара жатабыз.

Каражат каяктан табылат?

Мугалимдерден соң дарыгерлер да ушундай талаптарын билдирип чыккан эле. Айлык акынын аздыгынан өткөн жылдын тогуз айынын жыйынтыгында медицина тармагында иштеген 744 адам иштен кетсе, алардын элүүгө жакыны сыртка иштегени кеткен, калганы башка тармакта иштей баштаган. Чен-өлчөм боюнча 10 миң адамга 22 дарыгер туура келиш керек болсо, учурда болгону 7-8 дарыгер туура келет экен.
Көп тармактарда иштелбеген, мамлекетке эмес бир үй-бүлөнүн чөнтөгүнө түшкөн каражаттар бар. Ошол каражаттарды таап чыгабыз.
Алмазбек Атамбаев

Медицина кызматкерлеринин айлыгынын көртөрүлүшү тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков мындай деди:

- Ошондо эсептегенде мисалы жогорку категориядагы медайымдар бүгүн 1877 сом болсо, реформадан кийин алар 10 миңден ашуун айлык алышат.

Булардан сырткары маданий кызматкерлер, дене тарбия жана спорт тармагында иштегендердин да айлыгын кеминде 2-3 эсе көтөрүү чечими да өкмөттүн кеңейтилген жыйынында кабыл алынды.

Журналисттерди Кыргызстанда бюджеттик жетишсиздик чоң болуп турган шартта айлыкты көтөрүүгө каражат кайдан табылат деген суроо кызыктырды. Прмьер-министр Алмазбек Атамабев айлыкты көтөрүү үчүн 10 млрд. сом ички булактардан табылганын белгиледи.

- Бир айдан бери иштеп аттык. Азырынча 10 млрд. сомго жакын ички булактарды таптык. Каражаттар чын эле бар. Мисалы алкоголь тармагын алсак, жаңы ыкмага өтөөрү менен кошумча 1 млрд. сом алып чыгат экенбиз. Ушундай көп тармактарда иштелбеген, мамлекетке эмес бир үй-бүлөнүн чөнтөгүнө түшкөн каражаттар бар. Андай каражаттарды таап чыгабыз. Анктени элдин турмушун кескин түрдө өзгөртүш керек.

Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында бюджеттик мекемелердеги тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы 1-сентябрда кеминде 2,5 миң сомго көтөрүүлөрү айтылды. Алардын маянасын жогорулатуу үчүн өкмөт кошумча булактарды издөөдө. Андан соң пенсия, пособиени көтөрүү маселеси колго алынары белгиленди.

XS
SM
MD
LG