Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Парламентке жаңы аппарат башчы дайындалды


Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун буйругуна ылайык, Радбек Эшмамбетов парламенттин аппаратынын жетекчиси кызматына дайындалды. Буга чейин парламенттин аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп турган Сүйүнбек Касманбетов анын орун басары болду.

Р.Эшмамбетов совет доорунда эле партиялык чоң кызматтарда иштечү. СССР урагандан кийин Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты болуп, кийин Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына чейин көтөрүлгөн. Жеке менчик курулуш ишканаларында да чоң кызматтарда жүргөн. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG