Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Кыргыз тилдүү журналисттер биримдиги өлкө жетекчилигине кайрылды


Кыргыз тилдүү журналисттер биримдиги президент Роза Отунбаевага, парламент төрагасы Акматбек Келдибековго жана премьер-министр Алмазбек Атамбаевге ачык кайрылуу жолдоп, Кыргыз мамлекетинде жарандардын 70% ашууну кыргыз тилдүү болгондуктан мамлекеттик мекемелер маалымат таратууну жана иш кагаздарын жүргүзүүнү оболу кыргыз тилинде алып барышы керектигин эскертишти.

Кайрылууда ошондой эле 2008-жылдын 24-апрелинде Жогорку Кеңеште кабыл алынып, ошол эле жылы президент кол койгон “Теле көрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө” мыйзамдын мамлекеттик тилге байланыштуу беренесин аткаруу механизмин иштеп чыгып, анын аткарылышын көзөмөлдөө сунушталган. Кайрылууга өлкөдөгү ири маалымат каражаттарынын жетекчилери кол коюшту. (IJz)

XS
SM
MD
LG