Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Бүгүн Аксы окуясы боюнча сот башталат


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 20-январда Бишкек гарнизондук аскер сотунда 2002-жылы Аксы районунда болгон окуя боюнча соттук териштирүү башталат. Өткөн жылдын апрель окуясынан кийин кайра козголгон бул иш боюнча Аксы окуясы учурунда президенттик администрацияны жетектеп турган Болот Жанузаков, ошол кездеги башкы прокурор Чубак Абышкаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана ал убактагы Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Таштан Мамбеталиев күнөөлөнүп жатат. Аларга жарандарды мыйзамсыз кармоого алган жана кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланган деген кинелер коюлууда.

2002-жылы 17-мартта Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Андан 4 киши курман болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши каза тапкан. Бул окуяга байланыштуу сот жообуна тартылгандардын дээрлик бардыгы кийинчерээк акталып чыгышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG