Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Taжикстанда жумалыктын кабарчылары жапырт иштен кетти


«Вечерний Дюшамбе» гезитинин кабарчылары гезит ээсинин куугунтугунан жана цензурадан улам, иштен кетип жаткандыгы айтылган билдирүү жарыялашты. Гезитке ээлик кылган Чарки Гардун Медия тобунун жетекчиси Акбар Саттор журналисттердин кинесин четке кагып, бирок гезит чыгарууну уланта берээрин билдирди. Саттор Тажикстандын Журналисттер биримдигинин да жетекчиси болгондуктан, ал азыр кыйчалыш абалда экендиги айтылууда. «Вечерний Дюшамбе» 1968-жылы негизделген, ал кезде Компартиянын гезити болчу, 1992-жылы өз алдынча чыга баштаган, төрт жылдан кийин аны Саттордун Медия тобу сатып алып, жумалыкка айландырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG