Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Оштук өспүрүмдү Бишкектe дарыгерлер бекер операциялашат


15 жаштагы Зиядулло Журабаев кечээ Оштон учуп келип, Бишкектеги Улуттук урология борборуна жаткырылды. Зиядуллого 12-июнда Оштун Черемушки ооданындагы атышууда үч ок тийген. Анын апасы, иниси да ок жеген, бирок алардын абалы азыр жакшы. Ошто Зиядуллого төрт жолу операция жасалып, бирок жергиликтүү дарыгерлер октун бир сыныгын чыгара албай коюшкан. Зиядуллого Саламаттык министрлиги бекер операция жасоого макул болгон. Өспүрүмдү энеси Одина менен Бишкекке алып келип, дарылатуу акциясына Оштогу «Улыбка» балдар кору, Бишкектеги "Балдарга жаңы жылдык белектер" долбоору, «Эркиндиктин добушу» уюму, «Сезим» кризистик борбору, Ассол Молдакматова, Гүлнара Тойгонбаева өңдөнгөн шоу-бизнестин өкүлдөрү жана башкалар көмөк көрсөтүп жатышат. (JCH)

XS
SM
MD
LG