Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Улуттук комиссия төрагасы иштин жыйынтыгына президент чекит коюш керек деп эсептейт


Бул туурасында июнь окуяларын иликтөөгө алган Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаевдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Комиссия төрагасынын пикиринде, бул комиссияны мамлекет башчы Роза Отунбаева түзгөн. Мындан улам комиссиянын жыйынтыгына байланыштуу ар кыл суроолорго чекитти президент коюшу абзел.

2010-жылдын июнь айында орун алган окуяларды иликтөөгө алган Улуттук комиссиянын жыйынтыгы эки күндөн бери Жогорку Кеңеште талкууланып жатат. Улуттук комиссия өз ишин 2010-жылдын июль айынын акырында баштап, ушул жылдын 11-январында жыйынтыгын чыгарган. Ага ылайык июнь окуяларынын чыгуу себеби 7-апрелден кийинки мамлекеттик бийликтин алсызданышы жана түрдүү күчтөрдүн баш көтөрүшү менен түшүндүрүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG