Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Баткен облусуна жаңы губернатор дайындалды


Облус губернаторлугуна Жогорку Кеңештин буга чейинки эки чакырылышынын депутаты болуп келген Арзыбек Бурканов дайындалды. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы Жеңиш Айдаровдун билдиришинче, бүгүн вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов жаңы дайындалган губернаторду облус администрациясынын жамааты менен тааныштырды. Жусунов өз сөзүндө буга чейинки губернатордун оор кырдаалдардагы эмгегин баалап, жаңы губернатор коалициялык өкмөттүн чечими менен дайындалып жатканын белгиледи. Апрель окуясынан тарта Баткен облусунун губернатору катары Султанбай Айжигитов иштеп келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG