Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

Орусия күйүүчү майларга бажы төлөмдөрүн расмий түрдө ала элек


Экономикалык тескөө министрлигинин бажы саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Самат Кулманбетовдун «Азаттыкка» билдиришинче, Орусиядан Кыргызстанга экспорттоло турган күйүүчү майларга бажы төлөмдөрүн алып салуу боюнча азырынча эч кандай расмий документ келе элек. Ушул тапта күйүүчү майлар Кыргызстанга экспорттук салык менен эле келип жатат. «Расмий түрдө Орусия төлөмдөрдү ала элек. Ушул тапта төлөмдөрү алып салуу боюнча документти күтүп жатабыз», - деди С. Кулмамбетов.

Орусия 2010-жылдын апрель айында Кыргызстанга сатылып жаткан күйүүчү майга тоннасына 200 доллар өлчөмүндө кошумча бажы төлөм төлөө тартибин киргизген. Бул Кыргызстанда күйүүчү май баасынын кескин кымбатташына алып келген. 2010-жылдын аягында Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Орусиядагы кесиптеши Владимир Путин менен жолугушуп, Кыргызстанда сатылып жаткан күйүүчү майга өткөн жылы салынган кошумча бажы төлөмдөрүн алып салууну өтүнгөн. Натыйжада Кыргызстандагы күйүүчү майлардын баасы ушул айдын соңунда, же кийинки айдын башында 6-7 сомго арзандаары кабарланган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG