Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Америкалык сенаторлор АКШ менен Европаны Беларуска каршы чогуу чара көрүүгө чакырууда


Мындай чакырык америкалык алты белгилүү сенатор, анын ичинде Жозеп Либерман, Жон МакКейн, Ричард Лугар Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштонго жолдогон катта айтылат.

Катта сенаторлор трансатлантикалык чаралар адам укуктарынын тебелениши, добуштардын бурмаланышы, оппозициядан президенттикке талапкер болгондордун али камакта жатышы үчүн жоопкер президент Лукашенкого жана Беларустун башка расмий өкүлдөрүнө реалдуу жана олуттуу кесепеттерин тийгизүүсү керек.

Сенаторлордун айтымында, андай чаралардын алкагында президент Лукашенкого жана башка расмий өкүлдөргө каршы, Беларустын мамлекеттик мунай компаниясы менен иштешүүгө тыюу салынышы керек. Сенаторлор ошондой эле Беларустагы жарандык коомду жана адам укугун коргоочу топторду колдоону күчөтүүгө чакырышкан.

XS
SM
MD
LG