Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

КТРК 20 миң доллардын сарпталышы боюнча түшүндүрмө берди


Коомдук телерадио каналдын аппаратынан маалымдашкандай, Убактылуу өкмөт тушунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин банктык түйүндөрүнөн алынган каражаттан КТРКга 20 миң доллар бөлүнгөн. Апрель окуяларынан кийинки саясий окуялар учурунда каналдын эфири бир саатка чейин көбөйүп, каражаттын бир бөлүгү кызматкерлердин калем акылары үчүн жумшалган. Мындан сырткары июнь окуялары учурунда аймактарга чыгып, материал даярдаган журналисттерге каражат бөлүнгөн. Калган акчалар кызматкерлерге ошол кырдаалдагы эмгеги эске алынып, сыйлык катары төлөнгөн.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Убактылуу өкмөттө каржы тармагын тейлеп турган Темир Сариев Бакиевдерге тиешелүү делген банктагы түйүндөрдөн алынган каражаттын сарпталышы туурасында маалымат берди. Сариев жалпы 2 млн. 627 миң 95 долларга тете каражаттын кайсы тармактарга сарпталганын түшүндүрүп, анын ичинен Коомдук телерадио каналга 20 миң доллар бөлүнгөнүн билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG