Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Кытай президенти АКШдагы сапарын улантууда


Ху Цзинтао бүгүн Вашингтондо Конгресстин жетекчилиги менен жолугат. Америкалык мыйзамгерлер Кытайдын улуттук акча - юандын курсун атайлап төмөн кармоо боюнча саясатын жана адам укуктарынын абалын кескин сынга алып келишкен.

Кытай лидери ошондой эле Вашинтондо АКШ-Кытай алакаларына арналган сөз сүйлөйт, андан ары Чикагого ишкерлер менен жолугуу үчүн барат.

Кечээ Вашингтондо президент Барак Обама кытай лидери менен экономикалык маселелерди, анын ичинде АКШнын Кытайдын валюта саясаты боюнча дооматын талкуулашты. АКШ президенти ошондой эле адам укуктары маселесин да көтөрдү:

-Тарых бардык улуттардын жана адамдардын укуктары, жоопкерчиликтери сакталып, анын ичинде ар бир адамдын универсалдуу укуктары сакталганда гана өлкөлөр ийгиликке жетип, коом гармониялуу, дүйнө адилет болорун көргөзүүдө.

Өз кезегинде Ху Цзинтао Кытай адам укуктары жаатында алга жылып жатканын, бирок али көп нерсе жасоосу керектигин белгиледи. Кытай лидеринин урматына Ак үйдө мамлекеттик сый тамак уюштурулду.

XS
SM
MD
LG