Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

АКШда мафияга тиешеси бар деген шек менен жүздөн ашуун киши камалды


Өлкөнүн түндүк-чыгыш аймагында бандиттик топко каршы жүргүзүлгөн эң ири операция учурунда камалган 100дөн ашуун киши адам өлтүрүүгө, баңги аткезчилигине, арам акчаны адалдоого катышы бар деп шектелишүүдө. Бүгүн эртең мененки операция Нью-Йоркто мафиялык беш кланга, Нью-Жерси менен Род аралында экиден кланга каршы өткөрүлгөн. Башкы прокурор Эркин Холдердин айтымында, Нью-Йоркто кылмыштуу топтун 20дан ашуун мүчөсү жана шериктери камалган. Алар жасады деп шектелген кылмыштардын айрымдары 1980-90-жылдарга барып такалат. Бүгүнкү операцияга тартип коргоо органдарынын 800дөй кызматкери тартылган.

XS
SM
MD
LG