Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Аксы окуясы боюнча сот 24-январда уланат


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Аксы окуясы боюнча соттук териштирүү 24-январга калды. Буга айыпталып жаткан мурдагы баш прокурор Чубак Абышкаевдин сотко келбей калганы себеп болду. 2002-жылы Аксы районунда болгон окуялар боюнча соттук иш 7-апрелден кийин кайра жанданган. Алгачкы соттук отурум 20-январда жабык эшик артында башталган.

Бул иш боюнча Аксы окуясы маалында коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Болот Жанузаков, ошол кездеги башкы прокурор Чубак Абышкаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана ал убактагы Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Таштан Мамбеталиев күнөөлөнүп жатат. Аларга "жарандарды мыйзамсыз кармоого алган" жана "кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланган" деген кинелер койулуп жатат.

2002-жылы 17-мартта Аксы районунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Андан 4 киши набыт болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши мерт кеткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG