Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Ширин Айтматова депутаттарды олуттуу маселелерди кароого чакырды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Ширин Айтматов сөз сүйлөп, эл өкүлдөрүн конкреттүү ишке чакырды. Анын айтымында, депутаттар үч күндөн бери июнь окуяларын иликтеген Улуттук комиссиянын жыйынтыгын талкуулап, майда иштер менен алек болуп жатат. "Чындап келгенде жасай турган көп иш бар",-деди Айтматова.

Жогоку Кеңеш бүгүнкү жыйынын июнь окуяларын иликтөөгө алган Улуттук комиссиянын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган токтомду талкуулоо менен баштаган. Парламенттин күн тартиби боюнча бүгүн шайлоо кодексине өзгөртүүлөр, президенттин алдындагы мунапыс берүү маселелери боюнча комиссиянын курамына депутаттарды киргизүү тууралуу маселелер каралмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG