Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 02:47

Эртең Коргоо кеңешинин алгачкы жыйыны болот


Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Бул жыйынга президент Роза Отунбаева баштаган мамлекеттик кызматкерлер жана Коргоо кеңешинин мүчөлөрү катышары күтүлүүдө.

19-январда президент Роза Отунбаева “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндөгү” жардыкка кол койгон. Ага ылайык, Коопсуздук кеңеши жоюлуп Коргоо кеңеши түзүлгөнү кабарланган. Аталган кеңештин катчылык милдети күч түзүмдөрүн координациялоо боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановго жүктөлгөн. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG