Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Ош базарынын тегерегиндеги күркөлөр алына баштады


Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, Ош базарынын тегерегиндеги мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдү алуу иштери башталды. Кечээ тогуз күркө алынып, алардын ээлерине “Дордой-Дыйкан” базарынан ишин улантууга уруксат берилди. Жалпысынан Ош базарынын тегерегинде мыйзамсыз орнотулган 157 күркө бар. Алардын ичинен 136 күркөнүн эч бир документи жок. Калган 21 күркөнүн документтеринин мөөнөтү бүткөн. Шаардык мэрия күркөлөрдү алып, жаз мезгилинде базарга жакын жайгашкан бир катар көчөлөрдү оңдоп түзөөнү көздөөдө.

Мэрия мыйзамсыз күркөөлөрдү алуу чечимин чыгарганда, бир катар күркөө ээлери Жогорку Кеңештин алдында нааразачылык акциясын уюштурган. Натыйжада депутаттар күркөөлөрдү алып салууну токтото туруу сунушун Бишкек шаардык мэриясына жөнөтүшкөн. Өз кезегинде мэрия күркөө ээлерине шаардагы башка базарлардан жер берилерин билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG