Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

Ош базарынын тегерегиндеги 17 күркө алынды


Бишкек шаарындагы Ош базарынын айланасындагы мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдү алуу иштери уланууда. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүн жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында жалпысынан 17 күркө алынып, “Дордой-Дыйкан” базарына көчүрүлдү. Натыйжада Бишкектеги Б. Бейшеналиева атындагы көчө толугу менен күркөлөрдөн бошотулду. Мэриянын чечими менен Ош базарынын тегерегинде жалпысынан 157 күркө алынышы керек. Бишкек мэриясы базардын тегерегин күркөлөрдөн бошотуу менен бирге, базарды тартипке салып, ушул жазда көчөлөрдү оңдоо максатын көздөөдө. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG