Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Жорданияда миңдеген адам өкмөткө каршы көчөгө чыгууда


Өлкөнүн борбору Амманда экинчи жолу катары жума намаздан кийин чогулгандар премьер-министр Самир Рифайды кызматтан алуу талабын падыша Абдуллага коюп жатышат. 4 миңдей киши Аммандын борборундагы улуу Хуссейин мечитинде топтолгонун полиция билдирди.

Ушундай нааразылык акциялары Зарка, Ирбид, Карак, Тафилах жана Саллт шаарларында өттү. Чогулгандар Рифайдын кабинетин тамак-аш, күйүүчү майдын кымбаттоосу жана коррупция менен күрөшүүдө эч майнап чыкпагандыгы үчүн айыптады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG