Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:09

Аксы окуясы боюнча сот эртең уланат


Бул туурасында “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. 20-январда жабык башталган алгачкы соттук отурум айыпталып жаткан мурдагы баш прокурор Чубак Абышкаевдин сотко келбей калгандыгына байланыштуу 24-январга жылдырылган.

2002-жылы Аксы районунда болгон окуялар боюнча соттук иш 7-апрелден кийин кайра жанданган. Бул иш боюнча Аксы окуясы маалында коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Болот Жанузаков, ошол кездеги башкы прокурор Чубак Абышкаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана ал убактагы Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Таштан Мамбеталиев күнөөлөнүп жатат. Аларга "жарандарды мыйзамсыз кармоого алган" жана "кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланган" деген кинелер койулуп жатат.

2002-жылы 17-мартта Аксы районунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Андан 4 киши набыт болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши мерт кеткен. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG