Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Айжигитовдун тарапкерлери өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоду


Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитовду колдогон демилгелүү топ президент Роза Отунбаеванын, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин жана Жогорку Кеңеш төрагасы Ахматбек Келдибековдун наамына кайрылуу жолдоду. Демилгелүү топтун өкүлдөрүнүн бүгүн "Азаттыкка" билдиришинче, бул кайрылууга облустун ар кайсы аймактарынан сегиз жүздөй адам кол койгон. Кайрылууда чек ара көйгөйү оор болуп турган бул аймакка Султанбай Айжигитовдой жетекчи керектиги, ал июнь окуялары учурунда Баткен аймагында туруктуу абалды сактап калууда чоң иш жасаганы, Өзбекстандын аймагына кирбей өтүүчү Баткен-Пүлгөн жолун куруудагы эмгеги, Тажикстанга чектеш Таш-Тумшук айылынын элине шарт түзүп, башка жака көчүп кетүүсүн токтоткону, муну менен кошуна өлкө жарандарынын жылма миграциясы тосулганы айтылат. Ошондой эле сууга зар аймактагы сугат суу маселесин чечүү үчүн "Теке-Секирик" долбоорун ишке ашыруу алдында турганда минтип кызматтан алынышына өкүнүч билдирилип, өлкө жетекчилигинен Султанбай Айжигитовду губернаторлук ордунда калтыруу менен баштаган ишин аягына чыгарууга мүмкүндүк берүү суралат.

Султанбай Айжигитов 20-январда губернаторлук кызматтан бошоп, анын ордуна Жогорку Кеңештин буга чейинки эки чакырылышынын депутаты болуп келген Арзыбек Бурканов дайындалган. Жаңы губернаторду облакимчиликтин жамааты менен тааныштырган вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов Арзыбек Бурканов бул кызматка коалициялык өкмөттүн чечими менен дайындалганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG