Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Багдаттагы жардырууларда сегиз адам набыт болду


Бүгүн эртең менен Ирактын баш калаасы Багдатта жана ага жакын жерлердеги катарма-катар жардырууларда кеминде 8 адам мерт болду, 33 киши жаракат алды. Кабарларга караганда, жардыруулар полициянын имаратынын жанында, көчөдө, мамлекеттик имараттын жанында, Тармия шаарчасындагы мектепке жакын жерде болгон. Өлгөндөрдүн арасында жергиликтүү тургундар, жаш балдар да бар. Март айында Иракта Араб Лигасынын саммити өтүшү керек. Азыр козголоңчулар ошонун алдынан бул өлкөдө абал дале туруксуз экенин көрсөтүш үчүн муну уюштурган болсо керек, дейт полиция.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG