Өлкөнүн жакыр региондорунан чогулган жүздөгөн фермер-дыйкандар баш калаада премьер-министр Мухаммад Ганнуштун кызматтан кетишин талап кылышты. Жакындагы массалык демонстрацияларда набыт болгондордун сүрөттөрүн көтөрүп алган дыйкандар “Өкмөт кетсин!” деп кыйкырып жатышты. Бүгүн Тунисте ошол демонстрацияларда өлгөндөргө аза күтүүнүн акыркы күнү. Ал башаламандыктардын натыйжасында өлкөнү 23 жыл башкарган президент качып кеткен эле.