Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Өзбек президенти Еврокомиссиянын, НАТОнун жетекчилиги менен жолугат


Ислам Каримовдун бүгүн Брюсселде Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозо баштаган расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрү белгиленген. Эки тарап энергия жаатындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюуп, Ташкентте Евробиримдиктин кеңсесин ачуу маселесин талкуулары күтүлүүдө.

Ал эми НАТОнун кеңсесинде өзбек президенти баш катчы Андерс Фог Расмуссен менен жолугуп, өз ара кызматташтыкты жана НАТОнун коңшу Ооганстандагы аскерий операцияларын талкуулайт.

Өзбекстанда адам укуктары жаатындагы абал өтө начардыгын эске салган укук коргоо уюмдары Батыштын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнүн өзбек президенти менен жолугушуулары Каримовдун режимин легитимдештирерин белгилешти.

Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Оливер Бэйлинин айтымында, расмий өкүлдөр Каримов менен сүйлөшүүлөрдө адам укуктарын жана ички реформаны башкы маселе катары көтөрүүнү мерчемдешүүдө:

-Евробиримдик бул өлкөнү изоляциялоо саясатын уланткандан көрө шарт менен жана сынчыл маанайда карым-катнашта болуу керек деп чечти. Биз бул өлкөнүн бийликтери менен ишенимдүү жана активдүү диалог аркылуу алардан адам укуктары менен экономикалык чөйрөдөгү мындан аркы реформаларды талап кыла алабыз деп эсептейбиз.

Кабарларга караганда, Эл аралык Мунапыс, Хьюман Райтс Уочт өңдүү эл аралык уюмдар Брюсселде Каримовдун бүгүнкү сапарына тушташ нааразылык акциясын өткөрүшкөн жатышат.

XS
SM
MD
LG