Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Бишкекте кыйноолорго каршы митинг өтүп жатат


Башкы прокуратуранын алдына Жалал-Абаддын Токтогул районунун Өзгөрүш айылынан келген тургундар элге курал колдонгон милиция кызматкерлерин жоопко тартуу талабын коюшууда. Окуя болуп жаткан жерде жүргөн кабарчыбыздын айтымында митингге жыйырмадан ашуун адам катышууда. Алардын айтымында, аталган айылда былтыр 27-сентябрда милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар кагылыша кеткен. Анда милиция ок чыгарып жиберип, айылдын эки тургуну жаракат алган. Бул окуядан соң милицияга кол көтөрдү деген кине менен 12 адам кармалып, аларга кылмыш иши козголгон. Алардын жакындары эми кармалгандар айоосуз кыйноолорго кабылып жатканын айтып, аны токтотуу жана кыйноолорго жол бергендерге чара көрүү талабын да коюшууда. Учурда митингчилердин өкүлдөрү Башкы прокуратуранын иликтөө башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Боорсоков менен жолугушуп жатканы кабарланууда.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Токтогул милициясынын кызматкерлери аталган аймакта мыйзамсыз кара куурай чогултуп жүргөн жарандарды кармаган учурда аймактын беттерин чүмбөттөгөн 50дөй атчан тургуну милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөнүн буга чейин кабарлаган болчу.(SM)

XS
SM
MD
LG