Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Роза Отунбаева: "Мина Корп” Бакиевдин режими түзгөн ири жеңилдиктерди пайдаланып келген


Өзүнүн видеокүндөлүгүндө Роза Отунбаева күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо жаатындагы коррупциялык схемалар, ал схемаларга тиешеси бар компаниялар, анын ичинде - “Мина Корп” туурасында сөз кылган. Мамлекет башчынын ырастоосунда, бул компания Бакиевдин режими түзүп берген ири жеңилдиктерди пайдаланып, “Манас” авиабазасын күйүүчү май менен камсыздап келген. Ал ошол эле учурда Россиядан келген күйүүчү майды Кыргызстандын коңшулаш өлкөлөрүнө реэкспорттоп турган. Орусия ушул коррупциялык схемага бөгөт коюу максатында бажылык төлөм киргизип, ал карапайым элге кошумча кыйынчылыктарды туудурду. Орусия менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзгөндөн кийин гана ал бажылык төлөм алынып салынды.

Мамлекет башчысы видеокүндөлүгүндө прокуратура бул коррупциялык схемаларды иликтеп жаткандыгын белгилеп: “Мен мурунку мамлекет башчыларынын тушунда орун алган алып-сатарлык схемалардын иштешине жол бере турган адам эмесмин”, - деп билдирген.

Декабрь айында “Манас” аэропортунда мамлекеттик күйүүчү май куюучу комплекс ачылган. Бул комплекс үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта АКШнын “Манас” жүк ташуучу транзиттик борборуна күйүүчү майдын 50 пайызын ташый баштайт. Ушул тапта борборду “Мина Корпорэйшн” компаниясы күйүүчү май менен камсыздайт. Пентагон өткөн жылдын ноябрь айынын башында "Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камыздоону Гибралтарда катталган “Мина Корп” компаниясына берген. Президент Роза Отунбаева АКШнын Коргоо министрлигинин “Мина Корп” ишканасы менен кайрадан келишим түзүшүн сынга алган.(AzK)

XS
SM
MD
LG