Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Москванын «Домодедово» аба майданында террордук жардыруу болду


Орусиянын ордо шаары Москвадагы "Домодедово" аба майданынын учуп келген жүргүнчүлөрдү кабыл алган бөлүгүндө жанкечтинин жардыруусунан кеминде 35тей киши набыт болуп, 130дан ашуун киши жаракат алганын Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жарылуу 24-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.30 чамасында жүк алган бөлмөдө болгон.
Алгачкы кабарларга караганда, кол салууну жан кечти ишке ашырган. Бирок бул маалымат бышыктала элек.
Тергөө комитетинин маалымат өкүлү Владимир Маркин «Тергөө комитетинин транспорт бөлүмү Кылмыш кодексинин 205-беренесине ылайык бул террордук чараны иликтөөгө киришкенин" кабарчыларга маалымдады.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG