Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Кыйноолорго каршы митинг


Токтогулдан келген митингчилер, 24-январь.
Токтогулдан келген митингчилер, 24-январь.

24-январда Токтогулдан келген 20дан ашык адам милиция тарабынан кыйноолор токтотулсун деген талап менен Башкы прокуратуранын алдына чыкты.

Өткөн жылдын 27-сентябрында Токтогулда милиция кызматкерлери кара куурай чогулткандарды кармоо учурунда атчандар менен милиция кагылышып, ортодо ок атылган. Натыйжада жергиликтүү эки тургун жарадар болгон.

Башкы прокуратуранын алдына Токтогулдун Өзгөрүш айылынан келген аялдардын бири милиция аткан октон колунан жаракат баласы эми кыйноолорго кириптер болуп жатканына нааразы болду.

Ошол кагылышка катышы бар деп кармалган Доктурбек Мүсүралиевдин апасы Жээнгүл Садабаева жарадар болгон баласы ушул мезгилге чейин толук медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканына капа:

- Оң колуна ок тийип сынып кеткен, биз жабырланып Бишкектеги №4-шаардык ооруканага келдик. Акыбалыбызды сурап көңүл бурган эч ким болгон жок. Балам экөөбүз бул жерде 24 күн жаттык. Дарыланып бүтө электе, акыбалы оор кезде Жылдызбек Шаршеев деген бала келип, Токтогулга алып барып камап салды.

Бул аял менен кошо нааразылык иш-чарасына катышкандар элге курал колдонгон милиция кызматкерлерин жоопко тартууну, кармалгандарга аёосуз кыйноолорду токтотууну талап кылууда. Мисалы, кармалгандардын бири Талас Жайыловдун апасы Гүлгакы Мүсүралиева уулу күнөөсүз камакта жатат деп эсептейт.

- Торпок айдап, көң терип жүргөн балдарга ок чыккан. Ошондон уруш чыгып, милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болуп кеткен. Кийин сөздөн-сөз чыгып менин уулумдун катышы бар деп кармап кетишкен. Ошондон кийин баламдын акыбалын ушуга алып келип коюушту. Үнүбүздү угаар бекен, мыйзам ушул жерден чечилеби деп келип отурабыз. Ал жактан эч ким уккан жок, областан да угулган жок. Ал милиционерлерге азыркыга чейин кылмыш иши козголгон жок, иштеп жүрүшөт.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова бул окуя боюнча тергөө иштеринде одоно кемчиликтер кетип жатканын айтат:

- Бүгүнкү күнү Башкы прокуратура облустук прокуратурага бул ишти терең иликтөө үчүн тапшырма берген. Бирок биз 18-январда кайра барганыбызда бул окуя боюнча жеткиликтүү иш жүрбөй жатканын көрдүк.

Бул күнү нааразы тарап өлкө президенти Роза Отунбаевага, баш прокурор Кубатбек Байболовго жана Жогорку Соттун төрайымы Перизат Абакировага кайрылуу жолдошту. Митингчилерди айтымында, алар үч күн бою аракеттерин улантышаарын, эгер талаптары аткарылбаса жол тосууга чейин барышарын эскертишти. Ал эми милиция жетекчилиги кармоо жана сурак иштери мыйзам алкагында жүрүп жатканын, милицияга кол салгандарды жоопкерчиликтен алакчылоо максатында ушундай кысым башталганын билдирүүдө.

2010-жылы 27-сентябрда Токтогулда “Кара куурай” деп аталган операция маалында милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар кагылыша кеткен. Анда эки ортодо ок атылып, айылдын эки тургуну жаракат алган. Бул окуяга катышы бар деген токтогулдук 12 адам кармалып, кылмыш иши козголгон.

Бакиров: Милицияга кол көтөргөндөргө сот баа берет

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Станбек Бакиров Токтогул районунун Өзгөрүш айылында эл менен милициянын тирешүүсү тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.

Станбек Бакиров: Өткөн жылдын август айынын аягында атайын оперативдик иштердин натыйжасында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн оперативдик кызматкерлери Өзгөрүш айылына барган. Ал жерде атайын операция жүргүзүлүп, баңги заттарды даярдап жаткан эки адамды кармаган. Кармалгандар дароо телефон менен айылдагы тууган-уругун чакырып, элди топтоп тополоң салышкан. Биздин кызматкерлер айласыздан бир үйгө качып келгенде топтолгондор үйдү курчап алып, өрт коюп, биздин балдарды ат менен сүйрөтүп кыйнаган.

Ушул окуянын негизинде облустук прокуратура тарабынан иш козголуп атайын операция жүргүзүлүп дал ошол баңги затты даярдаган адамдарды, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн, үйгө камап өрт коюп, атка сүйрөткөндөрдү таап алып келип камаганбыз. Ал жерде эч кандай мыйзамдан чыккан иш болгон эмес.

Алар өздөрү күнөөлөрүн мойнуна алган. Бүгүнкү күндө сот болуп жатат. Сот процессине чейин деле алардын урук-туугандары ар кандай адамдарды ортого салып, биздин милиция кызматкерлери менен “сүйлөшөлү, ишти бүтүрөлү” дегенине карабастан биз эч кимди жакындатпай койгонбуз. Атүгүл ошол жерде биздин милиция кызматкерлердин өрттөлгөн унаасын төлөп берели дешкен. Биздин кызматкерлер Бишкекке барып дарыланып келишкен эле, кеткен чыгымдарын төлөп берели дегенде биз эч кимди жакындатпай койгонбуз. Баарын сот чечсин, мыйзамдуу болсун дегенбиз. Ошондуктан булар сот жообунан качуу максатында ар кандай негизсиз акцияларды уюштуруп жатышат. Менимче, буга сот өзүнүн туура баасын берет.

“Азаттык”: Камалгандардын Бишкекте митинг өткөргөн туугандары эмне себептен ок чыгарган эки милиция кызматкери сот жообуна тартылсын деп жатышат?

Станбек Бакиров: Ал милиция кызматкерлери аткан эмес. Милициялар качып үйгө киргенде ошол жердеги балдар милиция кызматкерлердин бирөөсүнүн куралын алып койгон. Анан курал колдонгонду билбегендиктен бирөөсү башкасын атып алган. Ал жерде милиция кызматкерлердин эч кандай тиешеси жок.

“Азаттык”: Бул окуя боюнча камалгандарды абактарда кыйнап жатышат дешет?

Станбек Бакиров: Эч кандай кыйноо болгон жок. Жапа чеккендер Токтогул райондук милиция кызматкерлери болгондуктан, биз аларды нейтралдуу, ортодо кармайлы деп Таш-Көмүр шаарына алып келгенбиз. Сотту да ушундай максат менен Майлы-Суу шаарында өткөрүп жатабыз. Бул жерде ошол жоопко тартыла турган балдардын ата-энелеринин баары топтолуп келип жоопкерчиликтен качуу максатын коюп жатышат. Себеби биз эч кандай провокацияга, сүйлөшүүгө барбай койгондуктан жоопкерчиликтен качуу максатында булардын акыркы айласы ушундай болуп жатат.

Кыйноолорго каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

XS
SM
MD
LG