Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Өзбек президенти Еврокомиссиянын жана НАТОнун жетекчилиги менен жолукту


Ислам Каримов Брюсселде кечээ Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Барросо, НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен менен кездешти. Барросонунун кеңсесинин билдиргенине караганда, жолугушууда энергия жаатындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Билдирүүдө Еврокомиссиянын президенти жолугушууда адам укуктары менен фундаменталдык эркиндиктер маселесин да көтөрүп, Европа Өзбекстандагы жагдайга тынчызданарын айтканы да маалымдалган. Өзбек президенти болсо буга жооп кылып, өлкөсүндө “демократиялык реформалар тереңдетилери “жөнүндө билдирген.

Адам укугун коргоочу активистердин чакан тобу, анын ичинде Эл аралык мунапыс уюмунун өкүлдөрү кечээ Еврокомиссиянын Брюсселдеги кеңсесинин сыртында өзбек президентинин сапарына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG