Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Кыргызстан менен Түркияга каттаган жаңы авиакомпания ачылууда


Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов түркиялык «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын жетекчисинин орун басары Серхан Улга менен жолугушуп, биргелешкен жаңы авиакомпанияга жыштык бөлүп берүү маселесин талкуулады.

«Kyrgyz Pegasus Airlines» деп аталган кыргыз-түрк компаниясы мындан бир нече жыл мурда түзүлгөн. Анын акцияларынын 51 пайызы «Кыргызстан» мамлекеттик авиакомпаниясына, ал эми калган 49 пайызы түркиялык тарапка таандык.

Жаңы авиакомпания иштей баштаса Түркия менен Кыргызстандын ортосунда каттаган компаниялардын арасында атаандаштык пайда болуп, жол акысы арзандап, рейстер кеңейтилет деген үмүт бар.

Эскерте кетсек, жакында Түркияда окуп жаткан кыргызстандык студенттер билеттердин кымбаттыгынан улам үйүнө каттай албай жаткандыгын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылуу жасашкан.

XS
SM
MD
LG