Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

Домодедоводо жаракат алгандардын арасында кыргызстандык жаран болушу ыктымал


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияевдин “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, учурда Москванын №68 клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жаткан Пусурова Гүласел Абдибаитовнанын жарандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат.

“Жардыруудан кийин түзүлгөн ыкчам топтун жана Москва облусунун саламаттык сактоо министринин орун басары Татьяна Кузнецованын оор абалда жаткан, жанында өздүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок, азия улутундагы кыз кыргыз жараны болушу мүмкүн деген маалыматы азыр такталып жатат”, - деп билдирди юрист.

Кечээ кечке жуук Домодедоводо болгон жардыруудан 35 адам каза таап, 150дөйү жаракат алган. Каза болгондордун арасында Кыргызстандын жараны, 23 жаштагы Мурат Хакназаров бар экендиги расмий тастыкталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG