Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Демилгечи топ “Кумтөр” боюнча келишимдерди кайра кароону талап кылууда


Бул туурасында демилгечи топтун өкүлдөрү “АКИпресс” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Алар “Кумтөр” кенин иштетип жаткан инвестор менен түзүлгөн келишимдин шарттары өлкө үчүн пайдасыз экендигин айтышууда.

Ушул тапта “Кумтөрдө” Кыргызстандын үлүшү кыскарып олтуруп, 33 пайызды түзүп калган. Демилгечи топ 1992-жылкы баштапкы келишим боюнча Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керектигин, компаниянын айланасында экологиялык текшерүү жүргүзүү зарылдыгын эскертүүдө. Аталган топтун мүчөсү Жекшенбек Шамыралиевдин айтымында, буга чейин алар өз талаптарын өлкө бийлигине жөнөтүшкөн. Алардын кайрылуусуна жооп боло элек. Демилгечи топ эгер талаптар аткарылбаса, “Кумтөр” маселесин элдик курултайга алып чыгууга белсенип жатышат.

Буга чейин мурдагы вице-премьер-министр, “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча эки тараптуу келишимдин башында тургандардын бири Эсенгул Өмүралиев “Азаттыкка” курган маегинде бул маселенин тегерегинде саясий оюндар болуп жаткандыгын, мунун артында кандайдыр бир кызыкчылыктар болушу ыктымалдыгын билдирген. Ал бийлик бул оюнду тезирээк токтотуп, туруктуу абалга алып келиш керектигин белгилеген. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG