Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

Ооганстандын жаңы парламенти өз ишин эртең баштайт


БУУ жана АКШ өкмөтү Ооган президенти менен жаңы парламент ортосунда мунаса табылганын кубатташты. Кечээ (24-январда) президент Хамид Карзай ушул шаршембиде парламенттин алгачкы сессиясын ачаарын жар салды. Бирок сентябрдагы парламенттик шайлоодо катталган добуш бурмалоолорду иликтөө иши улана бермекчи. Өткөн жумада президент Карзай иликтөө бүтмөйүнчө депутаттар дагы бир айдай мөөнөткө ишке киришпейт деп билдирген. Ага жооп кайтарып, депутаттар сессияны өз алдынча баштай беришээри ыктымалдыгын эскертишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG