Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров айрым гезиттерди сотко берди


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстанда чыгып жаткан “Супер-инфо”, “Форум”, “Параграф”, “Пресс кж”, “Леди кж”, “Лозунг” гезиттери жана “Браво” аттуу жаштар телеберүүсү кыргыз тилинде чыкканы менен аталыштары бөтөн тилдеги сөздөр болуп саналат. Укук коргоочу муну менен алар мамлекеттик тил мыйзамын бузуп жатканын белгилейт. Ал бул басылмалар аталыштарын кыргыз тилине өзгөртүүсү керектигин ырастайт.

Укук коргоочунун арызын эртең Бишкек Шаардык соту карайт. (AzK)

XS
SM
MD
LG