Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Ливанда "Хезболланын" талапкери өкмөт башчы болуп дайындалды


Шиийлердин радикалдуу уюму "Хезболла" көрсөткөн талапкер Ливандын премьер-министри болуп дайындалды. Президент Мишел Слейман суни миллиардер Нажиб Микатиге жаңы өкмөт курууну тапшырды. Микати 27-январда сүйлөшүүлөрдү баштаарын айтып, бардык фракцияларды мунаса табууга чакырды. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Саад Харири "Хезболла" көзөмөлдөгөн кабинетке кирбей турганын ырастап келди.
2 аптадай мурун "Хезболланын" бир нече министри кызматтарынан кетип, Саад Хариринин өкмөтү кулаган. Микатинин дайындалышы Ливандын айрым шаарларында нааразылык акцияларына алып келди. АКШ Иран колдогон "Хезболла" уюму үстөмдүк кылган өкмөттүн түзүлүшүнө байланыштуу камтамасын билдирди.

XS
SM
MD
LG