Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Франция Россияга аскерий кемелерди сатат


Президент Николя Саркозинин кеңсесинен маалымдашкандай, Франция Россияга аскерий 4 кеме сатуу жөнүндө келишимге кол койду. “Мистрал” кемесинин экөө Россиянын өзүндө жасалмакчы. Эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр 2009-жылдан бери жүрүп келген. “Мистрал” классындагы кеме 16 тик учакты ташууга кудуреттүү, анын үстүнө десанттык 4 жеңил кеме, 13 согуштук танк, 100гө чукул машине жана 450 аскерди жайгаштырса болот. НАТОнун айрым өлкөлөрү Батыштын алдыңкы аскерий жабдыктардын Россияга сатылышына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти.

XS
SM
MD
LG