Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Ооганстанда жаңы парламент ишин баштоодо


Бүгүнкү жыйын парламенттин былтыр сентябрда кыянатчылыктар жана бурмалоолор жөнүндөгү айыптоолор менен коштолгон шайлоодон кийинки алгачкы сессиясы болот. Президент Хамид Карзай парламент ишин дагы бир айдан кийин баштоосун, ага чейин шайлоодогу бурмалоолорду иликтөөчү атайын сотко убакыт берүүнү көздөгөн.

Бирок ичтен жана тыштан жасалган кысымдардан кийин парламент ишке киришүүсүнө макул болду. АКШнын Кабулдагы элчилиги Карзайдын бул кадамын кубаттады. Бирок президент парламент менен кандай иштешерине кылдат байкоо саларын кошумчалады.

Ооган президенти атайын шайлоо сотун уюштурган. Ал мекеме эгер парламент мүчөсү коррупцияга аралашканын аныктаса, аны мандаттан ажырата алат. Анткен менен Карзайдын оппоненттери президент бул сотту өзүнүн саясий кызыкчылыктары үчүн колдонушу мүмкүндүгүн айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG