Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Сасык тумоо менен ооругандардын саны өсүүдө


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүүдө. Январдын алгачкы аптасына салыштырмалуу 10-январдан тарта оорууга чалдыккандардын саны 1,7 эсеге көбөйгөн. Сасык тумоо менен ооругандар Бишкек шаарында көп катталууда. Республика боюнча 100 миң адамга 76 сасык тумоону жугузган учур катталса, Бишкекте бул көрсөткүч 269га чейин жетүүдө. Маалыматка ылайык, көбүнчө сасык тумоонун B вирусу пайда кылган түрү калк арасында жайылууда. Буга чейин январь айынын акырында жана февралдын башында сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйөөрү кабарланган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG