Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Ф. Кулов Элдик курултайды Баш мыйзамга киргизүү демилгесин көтөрдү


Бүгүн “Ар-намыс” фракциясынын жетекчиси Феликс Кулов “АКИпресс” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, мамлекеттик башкарууну көзөмөлдөй турган Элдик курултайды Конституцияга киргизүү керектигин билдирди. Анын айтымында, азыркы парламентке келген партиялар Кыргызстандагы шайлоочулардын 37 пайызынын гана добушун алгандыктан алар бардык калктын кызыкчылыгын жана тандоосун көрсөтпөйт. "Мындан улам 90 депутаттан турган Элдик курултай түзүлүп, аны Баш мыйзамга киргизүү үчүн күзүндө боло турган президенттик шайлоо менен бирге референдум өткөрүү абзел",-деген Кулов, курултайга депутаттарды шайлоону үч жол менен өткөрсө болорун: биринчиси, жергиликтүү кеңештерден экиден өкүлдү шайлоо, экинчиси, 15 миң шайлоочудан бирден өкүл шайлоо, үчүнчүсү, бир мандаттуу 90 округду аныктоо аркылуу шайлоо өткөрүү экендигин белгиледи. Өз сөзүндө депутат президенттин ыйгарым укуктарын көбөйтүү демилгесин да көтөрдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG