Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Дублинде мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбеков кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев маалымдады. Анын айтымында, мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбековду Ирландиянын Дублин шаарындагы тууганынын үйүнөн Интерполдун кызматкерлери кармашкан. Ушул тапта министрликте С. Балкыбековго коюлуп жаткан күнөөлөр боюнча документтер даярдалып, Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Андан соң экс-министрди Кыргызстанга алып келүү аракеттери көрүлмөкчү.

2010-жылдын май айында Убактылуу өкмөттүн тушундагы Коопсуздук жана тартиптүүлүктү камсыздоо боюнча комиссия мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аны менен санаалаш мурдагы кызматкерлердин айрымдарына издөө жарыялаган. Жаныш Бакиев, Максим Бакиев, Акматбек Бакиев, Каныбек Бакиев, Данияр Үсөнов, Игорь Чудинов, Алексей Елисеев, Алексей Ширшов, Сапарбек Балкыбеков, Акимжан Муйбиллаев, Курманбек Темирбаев, Нурлан Темирбаев өңдүү аткаминерлердин жүргөн жерин так көрсөтүп, издөөгө салым кошкондорго 20 миң доллардан 100 миң долларга чейин сыйлык берүү каралган. (KKs)

XS
SM
MD
LG